Тилек Текебаев министр болгондон бери жол тармагында иш алга жылды

Коррупция гүлдөп, элден жашынып жакшы сөз эзели укпаган министрликте прогресс байкалганын айткыбыз келди. Кайсы десеңиз, транспорт жана коммуникациялар министрлиги. Сөзүбүз куру болбош үчүн конкреттүү фактыларды келтиребиз.
Аталган министрликти Тилек Текебаев жетектеп баштагандан тартып Сосновка жана Кара-Көл өткөрмө постторунда акча чогултуу 50%га өстү. Салмак-габаритти текшерүү постторунда результат 300%га чейин өстү. Быйыл мурдагыга салыштырмалуу эң көп битум сатылып алынды, эске салсак мурда битумдан укмуш акча жеп, анын баасы асманды чапчып турган. Тилек Текебаев эскилердин коррупциялык схемаларына балта чапты өңдөнөт, эми сапаттуу битумдар арзан баада, заводдон түз келишим менен алынып жатыптыр. Атай Бейшенбек деген активист ушул битумдун баасын билем деп далай аракет кылды эле, азыркылар айттырбай эле ачык өздөрү жазып чыгышты.
Ошондой эле быйыл эң көп жолдор салынып жатат, министрликтин материалдык-техникалык базасы жаңыланды, ошондой эле имараттын короо-жайы оңдолду, жол курууга жана оңдоо үчүн жаңы техникалар келди. Министрдин аракети менен кызматкерлердин квалификациясын өстүрүү үчүн окутуулар тынбай өтүлүүдө.
Союз учурунан бери каралбай калган министрликтин имаратына жана кызматкерлерине Текебаев жан берип жаткандай. Алдыга чыкса көз тийет, артта калса сөз тийет демекчи. Артта калган мекемени алдыга оздуруп жаткан Тилек мырзага көз тийбесе экен. Жакшы иштеген кишини буттан чалмай жайыбыз да бар эмеспи, көр албастыкты коё турсак жолдорубуздун абалы бир топ жакшырып калмак.
Булак:Чындык Медиа



