Коом

Кемпир-Абад иши боюнча 8 адам камакта калтырылды

Кемпир-Абад деп аталган иш боюнча сегиз айыпталуучу камакта калтырылды. Бул тууралуу журналисттерге юрист Нурсултан Жаныбеков билдирди.

Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Жактоочулар Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 19-июнундагы чечимине каршы даттанышкан. Алар сегиз айыпталуучунун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранышкан. Соттук коллегия райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Алар 15-августка чейин камакта болот. 

Активисттер Али Шабдан, Айданбек Акматов, Эрлан Бекчоро уулу, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Тимур Махмудов, Айбек Бусурманкулов жана Акыл Айтбаев камакта калтырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button