Коом
Көлдө скутер 3 адамды сүзүп кетип экөө ооруканада көз жумду

Чолпон-Атада скутер үч эс алуучуну сүзүп кеткен. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Ооруканага эки кыз жана бир жигит жаткырылган. Алар 2000-2004-жылы төрөлгөндөр. 24-июлда жигит менен кыздардын бири ооруканада каза болгон. Экинчи жабырлануучу ооруканада дарылануусун улантууда.



