Коом

Суу аттракциондорунда өзүңүздү кантип сактасаңыз болот. Ысык-Көл ОИИБдин кеңештери.

Жайкы туристтик мезгил кызып жаткан учурда, Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучуларга ар кандай көңүл ачуу оюн-зоокторунун түрлөрү көбөйүүдө. Бирок, көлдүн тунук сууларында «таблетка», же болбосо «банан» аталышындагы сууда сүзүчү каражаттарга түшүдөн мурун, өзүңүздүн коопсуздугуңузду эстен чыгарбоо керек. Анткени, жакында болгон окуя, эки эс алуучунун өлүмүнө алып келди.

  • Суу аттракциондорунун кызматтарын колдонуудан мурун, ээлеринен же уюштуруучуларынан бардык керектүү лицензияларды, сертификаттарды жана уруксаттарды талап кылыңыз. Анткени, суу оюн-зоок жайлары Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларына ылайык каттоонун бардык зарыл болгон жол-жоболорунан өтүүгө, уруксат алууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда каттоодон өтүүгө тийиш. Ошондо гана, Сиз, көрсөтүлүп жаткан аттракциондор жооптуу адамдар жана бардык техникалык коопсуздук нормаларын сактоо менен камсыз болуп жатканына толук ишене аласыз.
    Мисалы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги суу транспортунун техникалык шайкештигине, кеме айдоочуларын аттестациялоого, кеме токтоочу жайлардын ченемдерине ылайык келүүсүнө уруксат жана жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензия берет.
  • Суу аттракциондорунун кызматы кандай көрсөтүлөрүн, кардарларды сүзүү каражаттары менен кайда жана кандай ылдамдыкта ташып жатканын жакшылап карап чыгыңыз. Бул кызматтарды көрсөтүп жаткан жарандарды жакшылап изилдеңиз. Анткени, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августунда №466 «Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, төмөнкүлөргө ээ болгон адамдарга мотор кайыгын (катер) же башка суу моторлуу каражаттарын айдоого уруксат берилет:
  • кеме билети жана техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу белгиси коюлган кеме күбөлүгү же тийиштүү каттоочу жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, катталгандыгын далилдеген кеме документтеринин комплекти;
  • контролдоо талону бар чакан кемени айдоого укук берген кеме айдоочусунун документи (диплом, күбөлүк);
  • бортто болгон бардык адамдардын паспорту же күбөлүгү;
  • ээси жок болгон учурда, жеке жакка тиешелүү чакан кемени башкарууга укук берүүчү, нотариус күбөлөндүргөн ишеним кат.
    Эгерде сиз бул Эрежелердин сакталбагандыгына күбө болсоңуз, анда тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүү керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомуна ылайык, суудагы коопсуздук чараларынын талаптарынын аткарылышын жана сакталышын контролдоо төмөнкүлөргө жүктөлөт:
  • көлмөлөрдү өндүрүш зарылчылыкта, ден соолукту чыңдоо, спорттук же башка максаттарда, ошондой эле жарандардын жалпы эс алуусуна колдонгон ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана башка чарбалык субъектилердин жетекчилерине;
  • суучулдарды даярдоо борборунун бөлүмдөрүнө;
  • ӨКМдин башкармалыктарына.
  • Учурда орун алып жаткан аба ырайына сөзсүз көӊүл буруӊуз. Жээктеги куткаруучулардын эскертүүсү болсо, анда аны, куру коркунуч деп ойлобошуӊуз керек. Катуу шамал болуп, көлдө чоң толкундар болсо, өз өмүрүӊүздү тобокелге селбаӊыз. Көңүл ачууну кийинкиге калтыруу жакшы жана аба ырайынын жагымдуу болуп өзгөрүшүн күтүңүз.
  • «Банан», «Таблетка» сыяктуу суу аттракциондорунда жүргөндө куткаруучу жилет кийүү зарыл. Кайык сизге келгенче, жилет суунун үстүндө калууга жардам берет. Тереңдиктен жана ачык суу мейкиндигинен корккондорго мындай аттракциондордо убакытын өткөрүү сунушталбайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button