Коом

Адылбек Бийбосунов ИИМдин алты ай ичиндеги аткарган иштери боюнча маалымат берди

2023-жылдын 28-июлунда ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын алты айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.
Коллегиялык отурумга Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери жана орун басарлары катышты. Ошондой эле, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, райондук–шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана орун басарлары катышышты.
Коллегиялык отурумдун негизги темасы катары республиканын ички иштер органдарынын 2023-жылдын алты айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы болду. Аталган маселе боюнча ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов сөз сүйлөп, ички иштер органдары республика аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүгө, укук бузууларды алдын алууга, коомдук коопсуздукту камсыздоого жана мыйзамдуулукту орнотууга багытталган иш-чараларды аткарууга жетишкенин билдирди. Андан сырткары ал ички иштер органдары өлкөнүн бардык аймактарында жалпы элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарып келгендигин белгиледи.
“Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын статистикалык маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан бери жалпы укук коргоо органдары тарабынан 24 миң 492 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен, 22 миң 988 кылмыш иштери ички иштер органдары тарабынан козголуп, жалпы кылмыштардын 93,8 пайызын түздү.
Ички иштер органдары тарабынан быйылкы жылы козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн кылмыштардын бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү 58,9 пайызды түздү”,- деди Адылбек Бийбосунов.
Ошондой эле, Адылбек Бийбосунов ички иштер органдарынын жыл ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерге токтолуп жана криминалдык абалга кеңири талдоо жүргүзүп, ишмердүүлүктү чыңдоо багытында бир катар негизги багыттарды белгилеп, кемчиликтерди тез арада жоюу керектигин тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button