Кадамжай районунда мал уурдоого аракеттенген жарандар кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кадамжай районунун аймагында мал уурдоого аракеттенген жарандарды кармашты.
БМЖКККнын кызматкерлерине «А» жана «Ү» аттуу жарандар Баткен облусунун Кадамжай районунда мал уурдоого бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Алынган маалыматтын алкагында КР ИИМдин БМЖКККнын жана Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2023-жылдын 30-июль күнү Кызыл-Кыя-Ош унаа жолунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаа токтотулуп, ичиндеги уурдалган 3 баш уй жана 3 жылкы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кадамжай РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (Уурдоо) 205-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Баткен районунун эки тургуну 1992-жылы туулган Н.А. жана 1989-ж.т. М.У. кармалып, Кадамжай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



