Маданият

Маалымат жана басма сөз күнү: ЖМК өкүлдөрүнө Ардак грамоталар тапшырылды

«Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, жаңы долбоорлор жана мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берүү менен биз коомчулукту кабардар кылып гана тим болбостон, потенциалдуу инвесторлордун өлкөбүз тууралуу түшүнүгүн да калыптандырабыз.

Инвестициялык темаларды кесипкөйлүк менен жана объективдүү чагылдыруу ишенимди бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Ал ошондой эле инвестициялык кызматташтыктын кеңейиши жана энергетика, өнөр жай, айыл чарба, туризм, инфраструктура жана санариптик технологиялар тармактарындагы жаңы долбоорлордун ишке ашырылышы өлкөнүн экономикалык өсүшү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Равшанбек Сабиров журналисттерге кызматташтык жана инвестициялык темаларды чагылдырууга көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, чыгармачылык дем, кесиптик ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button