Коом

Кыштан чыгуу үчүн 2,2 миллиард кВт-саат электр энергиясы импорттолот

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге энергетикалык компанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компаниялар эгерде узак мөөнөткө чейин иш баштабаса, министрликке алардын маселесин кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

Президенттин тапшырмасына ылайык, ушул жылы 50гө жакын чакан ГЭСтерди куруу зарыл экендигин белгиледи. Мындан тышкары, 2023-жылга коюлган ар бир иш план өз убагында аткарылуусу керектигин баса белгилеп, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду кыска убакыттын ичинде ишке ашырууну тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button