Коом

Күн жылыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Апта аягында көпчүлүк жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы кээ бир жерлерде 9 градуска чейин жылыйт. Бишкекте дагы күн ачык болот.

Чүй, Талас облустары

Бул эки облуста тең дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал. Чүйдө абанын температурасы 3…8 градус болсо, Таласта 5…7 градуска жылыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Ош облусунда дем алыш күндөрү жаан-чачын жаабайт. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Жалал-Абад менен Баткенде кар жаабайт. Абанын температурасы бул аймактарда да 9 градуска чейин жылыйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл менен Нарында дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Ысык-Көлдө абанын температурасы ишемби күнү -4…+1, жекшембиде 1…6 градус болот.

Ал эми Нарында -2…-7 градуска чейин суук болору божомолдонду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button