Окуялар

Бишкекте майыптыгы бар адамдарга карата 8 кылмыш фактысы катталды

Бишкекте 2026-жылдын алты айында майыптыгы бар адамдарга карата 8 кылмыш фактысы катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, катталган фактылардын бирөө аялдарга, төртөө эркектерге, үчөө жашы жете электерге карата жасалган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында 5 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Эки иш боюнча айыпталуучу катары жоопко тартылууга тийиш болгон адам аныкталбагандыктан өндүрүш токтотулган. Дагы бир иш боюнча тергөө уланууда.

«Кылмыш иштеринин көпчүлүгү ден соолукка залал келтирүү, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар, алдамчылык жана башка укук бузуулар боюнча козголгон», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button