Коом

Чолпон-Ата шаарынын негизги көчөлөрүнө милиция кызматкерлери электр скутерлери менен күзөткө чыгышат.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын электр скутерлери Чолпон-Ата шаарынын элдер жана унаалар көп жүргөн көчөлөрүндө колдонулат. Бул өзү, милиция кызматкерлеринее жолдогу тыгындарды тез арада жоюуга жана унаа токтотуучу жайдын эрежелерин бузган айдоочуларды тартипке чакырууга мүмкүндүк берет.


Тажрыйба көрсөткөндөй, көпчүлүк айдоочулар соода борборлордун алдында, көчөлөрдүн кесилиштеринде, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдордо жана түз эле жолдун жүрүчү бөлүгүндө унааларын токтотуп коюуну, көнүмүш адатка айландырып алышкан. Эми милиция кызматкерлери, мындай жол эрежесинин талаптарын бузуулардын алдын алуу жана аны болтурбоо боюнча иштерин күчөтүшөт. Ошол эле учурда, алар чет элдик туристтерге жардам көрсөтүшөт.
Туристтик-экологиялык облустук милициянын муктаждыктары үчүн буга чейин 5 электр скутерлери сатылып алынган. Электр скутерлер негизинен шаардын борбордук көчөлөрүндө колдонулат — мисалы, мэриянын административдик имаратынын жана соода борборлорунун алдында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button