Коом
Блогер Акбала баңгизат менен кармалды

Буга чейин милиция баңгизатты даярдоого шектелген 49 жаштагы А.Н. аттуу жаранды кармаган. Биздин өздүк булактар кармалган адам соцтармакта белгилүү болгон блогер Акбала экенин тастыктады.
Милиция кармалган адамдын жүрүм-турумунан шекшинип, үйүн тинтүүгө алган учурда ширеңкенин кутучасында “каннабис чайыры”, шектүүнүн чөнтөгүнөн кагазга оролгон кара куурай жытына окшогон зат табылган.
Учурда алынган заттар экспертизага жөнөтүлүп, А.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата 283-берене боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.
Блогердин буга чейин соцтармакта аялдардын ич кийимин кийип түз эфирге чыккан жоругу коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.



