Коом

Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, Камчыбек Ташиевге жолукту

Манасчы алар улуттук баалуулуктар жана “Манас” дастанын жайылтуу жана идеология боюнча баарлашкандарын билдирди.  

“Кыргыз баласы Манас бабабызды сыйлап-урматтап, туу тутушу керек деп ойлойм. Камчыбек Кыдыршаевичтин дагы оюнда “Манас” улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген тариздеги ойлорун угуп кубандым”, — деген Сыдыков.

Мындан сырткары, Ташиев буга чейин эстелиги коюлбаган Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абадга Манас баатырдын айкелин тургузууну колдоп, иш баштала турганын айткан.

Дөөлөт Сыдыков былтыр майда «Манас айылынын» айланасындагы чуудан улам үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Анда өзүнө карата ар тараптан басым жасалып, коркутуу-үркүтүүлөр болгонун айткан.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button