Коом

Ташиевдин сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстанда дизель арзандады

Кыргызстанда көпчүлүк нефтетрейдерлер дизелдин баасын сезилерлик төмөндөттү. Бул туурасында күйүүчү май саткан жайлардын сайттарынан байкоого болот.

Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 5-августта Салык жана Антимонополия кызматтарынын башчыларын, нефтетрейдерлерди топтогон. Ал учурда дизель майы өтө кымбат экенин айтып, бир литрин 63-64 сомго чейин арзандатуу зарылдыгын (анда 70 сомдун тегерегинде болчу) белгилеген. Ал эми нефтетрейдерлер буга макул болгону айтылган.

Сүрөттө май куюучу жайлардын бириндеги баанын Ташиев менен жолугушуудан кийинки өзгөрүшү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button