Баатырдай салмактуу наристе: Баткенде 5,6 килограмм салмактагы уул бала төрөлдү

Баткен облусунун Кулунду айылындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндө салмагы 5 килограмм 650 грамм болгон уул бала жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу медициналык мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 46 жаштагы эне алтынчы баласын төрөгөн. Ал уулуна Имран деген ысым ыйгарарын айтып, келечекте кыргыз элине кызмат кылган, дарыгер болгон инсан болуп чоңоюшуна тилектештигин билдирген.
«Бактыга жараша, эненин да, наристенин да абалы жакшы. Ата-энеси уулун аман-эсен колуна алып, чексиз кубанычка бөлөнүп турушат», — деп айтылат маалыматта.
Медициналык мекеменин маалыматына караганда, мындай салмактагы наристенин төрөлүшү төрөт бөлүмүнүн тарыхындагы өзгөчө окуялардын бири болду.
Төрөттү тажрыйбалуу акушер-гинеколог Акмоорхан Маллаева жана акушерка Александра Сатыбалдиева кабыл алышкан.



