Коом

Ысык-Көлдө экологиялык милициянын кызматкерлери браконьерди кармашты

10-август күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан Түп айылынын аймагында рейдтик иш-чарасын жүргүзүү учурунда, мыйзамсыз балык уулоо учурунда 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.


Кармалган И.А. аттуу жарандан далил зат катары үйлөмө резина кайыгы, 3 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана мыйзамсыз кармалган 19 даана балык, анын ичинен 17 даана «Карась» жана 2 даана «Судак» балыктары алынды.


Аталган факты боюнча материалдар Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, келтирилген чыгымды аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жолдомолор жөнөтүлдү.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button