Ошто 7 жаштагы баланы 14 жаштагы өспүрүм атасынын унаасы менен сүзүп кеткен

Ошто 14 жаштагы өспүрүм 7 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
13-август күнү Кара-Суу РИИБге Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда Кара-Суу районунун папан айылында 7 жаштагы баланы Ваз 2107 үлгүндөгү унаа сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткедигиндигин билдирген.
Аталган арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. 13-август күнү болжол менен саат 16:16 чамасында Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургуну жашы жете элек 14 жаштагы өспүрүм атасынын ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү унаасын 2 досу менен айдап чыгышып, Бөрү айылындагы жолдо жөө басып бара жаткан Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну 7 жаштагы баланы сүзүп кетип, качып кетишкен.
Кесепетинен жабырлануучу денесинен жаракат алып Ош шаарындагы балдар ооруканасына кайрылган.
Аталган факты боюнча Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү автоунаанын турган жери такталган. Учурда рулда жаш өспүрүм болгон үчүн жол эрежесин бузууга, баласына унааны берип койгондугу үчүн, ата-энесинин жоопкерчилиги каралууда.



