Коом
Кыргызстандын сумо боюнча чемпионатын бажы кызматкери жеңип алды

11-августта өткөн мелдешке 80 спортчу катышкан.
Алмаз Эргешов 115 килограмм салмак категориясында жеңишке жетти. Муну менен ал октябрда Японияда өтө турган дүйнө жана Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Эргешов Кыргызстандын беш жолку чемпиону, Азия биринчилигинде эки ирет байгелүү орундарга ээ болгон, мындан тышкары, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп саналат.



