Коом
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Караколдо жаңы заманбап мектеп курулат

Ал МГУнун калкасында болмокчу.
Окуу жай 660 балага ылайыкташып, курулушка фонд 1,5 млн. доллар бөлүп берди. Ал эскилиги жетип, 2020-жылдан бери ээн турган мурдагы техникумдун ордуна жайгашат.
Мектеп ушул сентябрда эшигин ачары күтүлүүдө. Мугалимдердин 75 пайызы «Россиялык мугалимдер чет өлкөдө» долбоору аркылуу келип, табигый-техникалык сабактардан берет. Мында окуучулар заманбап технологиялар колдонулган эң мыкты дүйнөлүк стандарттар менен билим алышат.
«Ысык-көлдүк балдар эми сапаттуу билим үчүн борборго барып убара болбойт. Аны Караколдо эле алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди мектептин негиздөөчүсү.




