Коом
Ысык-Көлдөгү пляжда скутер иштеткендер ата-баланы сабашкан

Милиция окуя Кош-Көл айылындагы «Радуга Вест» эс алуу борборунун жанында болгонун билдирди. Жабырлануучулар Алматыда жашаган Кыргызстандын жараны 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу 27 жаштагы С.Э. арыз жазган. Анын негизинде скутер иштеткен 18 жаштагы үч жигит милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын бирөө Бишкектин, экөө Кош-Көл айылынын тургундары.
Тергөө жүрүп жатат. Сабалган ата-балага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жыйынтыгына карап чара көрүлөт.



