Коом

Кадамжайда сабалган 2 жаштагы кыздын апасы үй камагына чыкты

Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аял үй камагына чыгарылды. 

  • 27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. 2020-жылдын март айында Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну менен жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан, 2023-жылдын январь айынын баш чендеринде экөө өз ара келише албай ортолорундагы келишпестиктен алар чогуу жашабай калышкан. Ошол себептен аял 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган. Ал милицияга жеткирилип, камакка алынган. Бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button