Коом

Бишкекте бүгүндөн тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

2026-жылдын 1-августунан тартып Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен токтотулган автоунааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча кеңири рейддик иш-чаралар башталат.

Рейддердин негизги максаттары:

жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу;

коомдук транспорттун жана ыкчам кызматтардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу;

башаламан унаа токтотууларды жоюу;

тротуарларды жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймактарды бошотуу;

көчө-жол тармагына тоскоолдук жараткан ээсиз же көптөн бери пайдаланылбай турган автоунааларды аныктап, эвакуациялоо.

Рейддердин жүрүшүндө көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткан аймактарда, коомдук жайларда, ошондой эле жашылдандыруу, оңдоо жана шаардык инфраструктураны тейлөө иштерине тоскоолдук жараткан автоунааларга өзгөчө көңүл бурулат.

«Эгерде сиздин автоунааңыз көптөн бери токтоп турган же кароосуз калган абалда болсо, аны өз ыктыярыңыз менен алып кетип, аймакты тартипке келтирүүнү өтүнөбүз», — деп билдирди шаар мэриясы.

Тектеш кабарлар

Back to top button