Окуялар

Боом капчыгайында таш кулап, жол ачык, бирок кыймыл жай

1-августка караган түнү Боом капчыгайында таш кулаган. Бул маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде жол кайгуул кызматкерлери жана тиешелүү мекемелер иштеп, кесепеттерди жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүшүүдө.

Учурда жол каттамы ачылганы менен, кыймыл дагы эле жай жүрүүдө.

ӨКМ билдиргендей, болжол менен саат 05:00дө унаалардын кыймылы бир тилке аркылуу калыбына келтирилди. Таш көчкүдөн жабыркагандар жок.

Буга чейин күбөлөр Бишкек — Ысык-Көл унаа жолу эки багытта тең убактылуу жабылганын билдиришкен. Натыйжада Боом капчыгайында бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны жаралган.

Социалдык тармактардагы айдоочулар жол ачылганына карабастан, капчыгайда дагы эле тыгындар сакталып жатканын жазышууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды өзгөчө этият болууга, ылдамдыкты ашырбоого, коопсуз аралыкты сактоого жана милиция кызматкерлеринин талаптарын так аткарууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button