Коом
ЖАКтын алдына «Сакал» каймана аттуу кримтөбөлдүн жакындары чогулушту

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын имаратынын жанына 23-августта крим авторитет, “Сакал” каймана аты менен таанымал Улан Токтосуновдун жакындары чогулду.
ЖАК өкүлү үч жакын тууганын имаратка алып киришкен. Калгандары сыртта күтүп калышты.
Буга чейин жактоочусу жана жубайы аларга себебин түшүндүрбөй анын Нарындагы СИЗО-4тен СИЗО-1ге которулуп жатканын айтып чыгышкан. Алар «Сакалга» кооптонуп жатканын айтышкан.



