Коом
Суук болот. 10-январга карата Кыргызcтанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору 10-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда -5…-10, Талас облусунда -7…-12, Ош, Жалал-Абад, Баткен, жана Ысык-Көл облустарында -3…-8, Нарын облусунда -12…-17 градус суук болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы -7…-9 градус болушу күтүлөт.



