Коом

Беш бала жетим калды. Караколдо күйөөсү аялын муунтуп өлтүрүп, өзү асынып алган

Каракол шаарында күйөөсү аялын муунтуп өлтүрүп, өзү асынып алган. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБи тастыктайт. 

Маалыматка ылайык, 5 баланы тарбиялап келген жубайлар 3-4 жылдан бери Каракол шаарындагы жеке үйдлөрдүн бирин ижарага алып жашашкан. 

«Үй-бүлөлүк чыр-чатактан кийин күйөөсү аялын муунтуп, өзү сарайда асынып алган. Жолдошу мебель жасап иштеген, ал эми жубайы 5 баланы тарбиялап, үй үйдө отурган. Улуу баласы шал оорусу менен ооруган. Калган балдарынын ден соолугу жакшы. 5 баласынын экөө эгиздер», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, маркум аял чыр-чатак учурунда милиция чакырып турган. 

Алдын ала маалыматтарга таянсак, күйөөсү Ош облусунун 40 жаштардагы тургуну болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button