Коом

Нарын районунда 1346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба жерлери аныкталды

УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында түзүлгөн мекемелер аралык комиссия тарабынан жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында жалпы 1346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба багытындагы жерлер аныкталды.

УКМК билдиргендей, 18,29 гектары — чабынды жер, 864,15 гектары — кайрак жер, 483,85 гектары — сугат жер жана 14 гектары — калктуу конуштардын жери.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин басымдуу бөлүгү 20 жылдан ашык убакыттан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ижара келишими түзүлбөстөн, жарандар тарабынан акысыз пайдаланылып келгендиги аныкталды.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button