Коом
Роналдиньонун Кыргызстанга келер-келбеси күмөн болууда

Легендарлуу футболчу белгиленген рейс менен келбей калганын биздин маалымат булагыбыз кабарлады-деп жазат Спутник.kg
Кечээ бир катар ЖМКлар ал “салык төлөбөгөнү” үчүн Бразилиядан чыгарылбай турганын жазган. Бирок “Барселонанын” президенти Жоан Лапорта Роналдиньо Кыргызстанга жолго чыкканын айткан болчу.
Ал эми уюштуруучулар маалыматты кийинчерээк берерин айтты. Ошондой эле футболчу кечке маал келип калышы да мүмкүн экендиги айтылууда.



