7 айда дем берүүчү гранттардын эсебинен 13 млн сомго 21 долбоор каржыланды
2023-жылдын 7 айында дем берүүчү гранттардын эсебинен 13 млн сомго 21 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 мектепке 5,2 млн сом каржыланды. Тактап айтканда, Жалал-Абад облусуна 6 мектепке 4 млн сом, Ош облусуна 2 мектепке 1,2 млн сом каржыланып берилди.
Белгиленгендей, «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамында «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча 800 млн сом каралган. 2023-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү гранттардын эсебинен 332 долбоор жактырылган.
Дем берүүчү гранттар – республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактардагы социалдык маанилүү объектилерди: бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду жана спорт аянтчаларын капиталдык оңдоого бөлүнгөн каражаттар.



