Коом

Кыргызстан Россия менен Түркмөнстандан 1,7 млрд киловаттан электр энергиясын сатып алууну көздөп жатат

Энергетика министрлиги жана «Электр станциялары» ишканасы Россия жана Түркмөнстан менен макулдашууга кол койду.  

“Россия сентябрь-апрель аралыгында электр энергиясын берип турат. Азыр Түркмөнстан менен баа тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Талаш-тартыштар болуп жатат, аларда дагы электр энергиясы кымбаттап жатыптыр. Биз электр энергиясын минималдык баада алууну көздөп жатабыз”, — деди Байгазиев. 

Буга чейин Россия тарыхта биринчи жолу Кыргызстанга электр энергиясын бере баштаган. Жыл ичинде электр энергиянын импорту 900 млн кВт/саатты түзмөк. Энергетика министри Таалайбек Ибраев РИА Новостиге берген маегинде бул көлөмдү 1,5 млрд кВт/саатка жеткирүү пландалып жатканын билдирген. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button