Коом

Окуучуларды китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сом керек

“Орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек болсо, бир китептин баасы 300-350 сомдун тегереги болот. Ошондо 1 447 717 окуучуга 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат”, — деди Билим берүү министрлиги. 

Ал эми быйыл китеп басып чыгарууга 324 млн сом (152 млн сом республикалык бюджет, 172 млн сом китептин ижарасынан түшкөн каражат) каралган.

Сентябрдын соңуна чейин 1 млн 278 миң окуу китеби, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыгып, мектептерге таратылары айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button