Саясат

Садыр Жапаров Шаньдун провинциясынын Компартиясынын Партиялык комитетинин катчысын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Шаньдун провинциясынын (КЭР) Коммунисттик партиясынын Партиялык комитетинин катчысы Линь Уну кабыл алды.

Маданий-гуманитардык, туристтик жана соода-экономикалык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы 2023-жылдын май айында Шаньдун провинциясына болгон жемиштүү сапарын жана Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Линь У менен жолугушуусун жылуу маанайда эстээрин, ошондой эле Кыргызстан менен провинциянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү пландарын белгиледи.

Садыр Жапаров Кытайга болгон сапарынын алкагында кыргыз делегациясынын облустун экономикалык, социалдык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктери менен таанышып, бир катар ишканаларды кыдырып, эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосунда ишкердик байланыш түзүүгө болгон жакшы мүмкүнчүлүгүн эске салды. Буга байланыштуу президент Кыргызстан менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнү улантуу зарыл деп эсептейт.

Өз кезегинде Компартиянын Партиялык комитетинин катчысы Линь У Садыр Жапаровго кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, акыркы жылдары эки тараптуу мамилелер тынымсыз тереңдеп, эки өлкө лидерлеринин жетекчилиги астында жаңы деңгээлге чыкты.

Мындан тышкары, Линь У алар кыргыз тарап менен биргеликте практикалык кызматташтыкты активдештирүүгө, соода-экономикалык долбоорлорду илгерилетүүгө жана Кыргызстан тарабынан автобустарды сатып алуу долбоорунун ийгиликтүү мисалында ар түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты ишке ашырууга даяр экендигин ишендирип өттү.

Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана Шаньдун провинциясы менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button