Окуялар

Дайынсыз жоголгон 25 жаштагы Алина Абдумомунованын сөөгү суудан табылды

Ноокен районунда дайынсыз жоголгон 25 жаштагы Алина Абдумомунованын сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздын сөөгү Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында жайгашкан Кайырма суу сактагычында табылган. Облустук милициядан кошумчалашкандай, учурда кыздын өлүмүнүн себеби аныкталууда.

Белгилей кетсек, Абдумомунова 6-январында саат 08:30 чамасында Ноокен районунун Алма айылында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сураган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button