Коом
Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова Ленин округу боюнча шайлоодо добуш берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берди.
Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапароваменен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Белгилей кетсек, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 24 талапкер катышууда.



