Коом
“Аю” холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.
Абдыкеримов Кыргызстандагы эң ири спирт жана арак заводдорунун ээси болгон. Апрель айында аларды өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергени маалым. Соцтармактарда холдинг “кустуризациянын” курмандыгы болгонун жазышкан. Андан кийин Садыр Жапаров “Аю” маселеси боюнча түшүндүрмө берген.
Ошол эле айда Абдыкеримов БАЭде дарыланып жатканы белгилүү болгон.



