Коом
ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоого макулдугун берди

Ага чейин депутат Улукбек Ормонов Кутнаевага Санариптештирүү министрлигин башкарып кетүү оор болуп калбайбы деген суроо узатты. Эл өкүлү талапкер эл аралык мамилелер боюнча адис, котормочу, саясий илимдердин кандидаты деген жүйө келтирди.
Кутнаева 2020-жылы киберкоопсуздук боюнча эл аралык сертификациялоодон өткөндүгүн, учурда санариптештирүү боюнча тажрыбайсы бар экенин айтып жооп берди.



