Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады

Садыр Жапаров анын расмий кечирим суроосун талап кылган.
“Менин дарегиме айтылган сынды кабыл алам. Жогорку Кеңештин конституциялык укуктарына жана милдеттерине, депутаттардын укуктарына, мамлекетибиздеги элдик бийликке, демократияга шек келтирүүгө укугум дагы, ниетим дагы жок. Эмоцияга алдырып, ашыкча сөз айтсам, расмий түрдө кечирим сурайм”, — деди Байсалов.
Спикер Нурланбек Шакиев Байсаловдун маселеси президент, Акылбек Жапаров, вице-спикерлердин жана 6 фракциянын лидерлери менен болгон жолугушууда каралганын айтты.
“Президент Садыр Жапаров Эдил Байсаловду парламенттен расмий түрдө кечирим сурап, мындан ары мындай каталарга жол бербей турганын айтты. Акыркы эскертүү деди. Байсаловго акыркы эскертүү, эгерде дагы парламенттин дарегине шек келтире турган, орунсуз сөздөр болсо, анда кескин чарага барабыз”, — деди Шакиев.



