Коом

Мас айдоочуларга айып пулду көтөрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираилов алкоголь ичип рулга отургандардын жоопкерчилигин катаалдатууну сунуштады.

«Мас айдоочулар кайрадан эле рулга отурушууда. Айыпты 50 миң, дагы мас болуп түшсө 70-100 миң сомго өсө тургандай болсун. Алардын чөнтөгүнө зыян келтирип жолго салбасак, кырсыктар көп болуп жатат», — деди ал.

Ошондой эле ал айрым учурда адамдык фактор орун алып, коррупциялык элементтер кездешип жатканын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button