Коом

ВИДЕО: Баткенде чек арачылар үйлүү болушту. Ташиев батирлердин ачкычын тапшырды

Кечээ министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачыларга кызматтык үйлөрдү тапшырды. Бул ирет жаңы үйлөр Баткендеги «Кулунду» заставасындагы чек арачыларга буйруду.

Атайын кызматтан билдиришкендей, чек арачылардын турак-жай комплекси 30 батирлүү болуп, турмуш-тиричилик техникалары менен толугу менен камcыздалган, Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар.

Андан соң атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кулунду» чек ара заставасынын имаратынын абалын көрүп, аскерлердин жашоо-шарты менен таанышты.

Видео Ала-Тоо24 маалыматынан каналынан алыды

Камчыбек Ташиев Баткен жергесине жасаган жумушчу сапарынын алкагында дагы бир топ аскердик имараттардын ачылыш аземдерине катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button