Коом

Баткен облусуна 8 айда 1,18 млрд сом каржыланды

Баткен облусунун өнүгүү программасына (статус)  — 500,0 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Басма сөз кызматынан билдирди.

Ишкерлерге бюджеттик кредиттер

2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга — 90,2 млн сом бөлүндү.

Бюджеттер аралык трансферттер

Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 01-август айына чейин республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 308,4 млн сом каржыланган. Алар:

  • Теңдөөчү трансферт – 199,4 млн сом;
  • Максаттуу трансферттер 109,0 млн сом.

Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча Баткен облусуна 168,8 млн сом каржыланды, анын ичинен:

— Облустук өнүктүрүү фонду 117,4  млн сом;

— Райондук өнүктүрүү фонддору —  51,4 млн сом.

Өз алдынча жергиликтүү органдарга — электр энергияга   9,5 млн сом каржыланган.

Ошондой эле, КР Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө  — 79,7 млн сом жана өкүлдүн резервдик фондуна 2,5 млн сом.

        Баткен РМА – 12,5 млн сом, резердик фондуна — 0,4 млн сом.

        Лейлек РМА – 14,8 млн сом, резервдик фондуна – 0,6 млн сом.

        Кадамжай РМА – 14,8 млн сом, резервдик фондна – 0,7 млн сом.

Капиталдык салымдар:

Баткен облусуна капиталдык салымдар беренеси боюнча жалпы 555 объектиге 2 045 млрд сом бөлүндү. Аткарылышы 98,8 %ды түздү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button