Коом
ИИМдин өздүк курамы Ботаникалык бактын аймагын тазалоого катышышты

Ишембилик-бул курчап турган айлананы таза жана кооз кылуунун дагы бир жолу.Бүгүн, 16-сентябрда КР ИИМдин кызматкерлери башка ведомстволор менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагында күзгү ишембиликке катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты – ботаникалык бактын тазалыгы жана экологиялык маданиятты калыптандыруу болгон.
Ишембиликтин катышуучулары бак дарактарды тазалашты, куурагандарын жана ашыкча өсүп калган талдарды кыркышты ошондой эле калдыктар менен таштандыларды да тазалап ирээтке келтиришти.





