Коом

Бакыт Рысбеков: Кыргыз-тажик чек ара маселесине чекит коюлар мезгил жетти

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кечээ  Баткен жергесинде өткөн жылы  Тажикстан тараптын кол салуусунан курман болгондорду эскерүү  иш  чарасына катышып,  эки элдин чечилбей келе жаткан чек ара маселеси тууралуу маанилүү жаңылыкты айтты. Камчыбек Ташиев  кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы документтер табылганы, эми тажик тарап Кыргызстанга карата дооматтарын албаса, доо коерун билдирди.

Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Бакыт Рысбековдун пикирин билдик:

-Абдан жакшы жаңылык. Бирок менимче бул  жаңылык менен “жети өлчөп бир кесип”, иш алып баруу керек. Анткени, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда болуп жаткан  чыр чатактардын бардыгы ошол жердеги  элдин кыйынчылыгына алып келип жатат. Өткөн жылы да Баткенде тажик тараптын кол салуусунан бир топ карапайым жарандар көз жумду, үйлөр, мектеп, ФАП талкаланды.  Эми чек ара маселесине чекит коюлар мезгил жетти. Мындай кан төгүү кайталанбашы керек. Канчалаган  биздин жарандардын укуктары бузулуп жатат. Биздин  эсибизден чыга элек,  Кыргыз республикасынын он жаранын   барымтага алып кеткен учур да кездешкен. Айтор, чек ара тынч болбосо  ал жерде дайыма  адам укугу бузулган  учур болот. Ошондуктан чек ара маселеси эртерээк чечилип, аягына чыга турган болсо, бизге да,  карапайым тажик элине деле  жакшы жагына өзгөрмөк. Чындыгындал тажик тараптын карапайым элине деле биз сыяктуу чек ара маселесинде кыйынчылыктар болуп жатат, — деп билдирди Бакыт Рысбеков.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button