Коом

УКМК: Талас облусунун тургуну «Йакын инкар» диний экстремисттик идеологиясынан баш тартты — ВИДЕО

УКМК Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Талас облусунун аймагындагы “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүдү.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

2023-жылдын 14-сентябрында жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын жыйынтыгында сот тарабынан тыюу салынган аталган  диний экстремисттик уюмдун тарапкери – 1990-жылы туулган Ш.С.Э. өзүнүн тандап алган диний багытынын катачылыгын түшүнүп, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып,  жарандарды бул кыймылдын  мыйзамсыз  идеологиясына алдырбоого чакырды.

Ошондой эле Ж.Э.И.  жана  С.М.К.аттуу жарандар менен тыюу салынган идеологияны жайылтууга жол берилбестиги жөнүндө профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button