УКМК: Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн кеңешинин 40-жыйыны өттү

2023-жылдын 8-сентябрында Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары генерал-майор А.А.Шаменов жетектеген кыргыз делегациясы Казакстан Республикасынын төрагалыгы астында болуп өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Кеңешинин (ШКУ РАТТ) 40-жыйынына катышты.
Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин – Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын делегаттары, ошондой эле ШКУ РАТТнын Аткаруу комитети катышты.
Жыйында ШКУга байкоочу мамлекеттер катары Беларусь Республикасынын жана Монголиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ШКУнун РАТТ Кеңешинин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү каралды.
БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы менен биринчи биргелешкен иш-чаранын натыйжасында алынган жүргүнчүлөр боюнча алдын ала маалыматтар (API) жана жүргүнчүлөрдү каттоону эсепке алуу (PNR) маалыматтарын киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча эл аралык практиканы изилдөөнүн жыйынтыктары бекитилди.
Уюмга мүчө өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын террористтик ишмердүүлүктү каржылоо каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү, аларды террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда алууга жана колдонууга бөгөт коюу боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.
Интернетти террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын Индия Республикасынын аймагында практикалык семинарды жана биргелешкен антитеррордук машыгууларды өткөрүү пландаштырылды.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгуусун 2024-жылы Кытай Эл Республикасынын аймагында уюштуруу жана өткөрүү, ШКУнун аймагында экстремисттик идеологияга каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен программаны иштеп чыгуу боюнча чечимдер кабыл алынды.
ШКУнун РАТТ Кеңешинин кезектеги жыйынын Өзбекстан Республикасынын аймагында өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Советтин жыйыны ишкердүү, достук маанайда өттү, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.



