Коом
Депутат Сеид Атамбаевдин абалы начарлап, сүйлөй албай калды

Эл өкүлүнүн консультанты Гүлбарчын Медетбекованын айтымында, ал жүрөгү ооруп калгандыктан сөзүн токтотууга аргасыз болгон.
“Өзүн жаман сезип жатканын көргөндө мен дарыларын алып барып бердим. Андан соң жыйындан чыгып үйүнө кетти. Абалы начарлаганына байланыштуу сөзүн аягына чыгара албай калды”, — деди консультант.
Ал негизи эле депутаттын жүрөк оорусу бар экенин белгиледи.



