Коом

Бишкектеги ЖОЖдордо коррупциялык фактылар аныкталды — ВИДЕО

Республиканын мамлекеттик университеттериндеги коррупцияны аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери тарабынан уюштурулган, Кытай Эл Республикасындагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн, студенттерден 900 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн «И.Б.М.» жана «А.С.Х.» аттуу жарандар кармалып, өз кезегинде «Б.Р.С.» аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди,- деп билдирди маалымат Борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button