Коом
Түркиялык белгилүү пластикалык хирург Микаил Сурер кулак-мурду кесилген келинден кабар алды

Ал 36 жаштагы Аселдин жүзүн мурункудай абалга келтирүү үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын убадалады.
Өткөн аптада Кыргызстанда жүрөк үшүн алган окуя болгон. Анда Аселдин мурдагы күйөөсү үйүнө кирип кордоп, кулак-мурдун кесип салган. Келин оор абалда оорукана жеткирилип, 8 саат операция болгон. Кесилген органдар камдашар-камдашпасы азырынча белгисиз.
Жабырлануучунун апасы президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевден жардам сураган.
@abal-kg



