Коом

Таластагы жатак-мектептерде тамак-аш начар экени аныкталды

Акыйкатчы институту Талас облусундагы эки жатак-мектепте текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

Апрель айынын ортосунда укук коргоочулар Токтогул Бабанов атындагы жана «Улукман» жатак-мектептеринде мониторинг жасаган.

Текшерүүдө Т. Бабанов атындагы мектеп 136 балага ылайыкталганы менен анда 215 окуучу жашап билим алып жатканы аныкталган. Ошондой эле жатаканадагы керебеттер бири-бирине өтө жакын жайгашып, матрастардын эскилиги жеткени белгиленген.

«Мектепте жуунуучу бөлмөлөр жетишсиз, 133 окуучуга бир гана даараткана жана кол жууй турган эки жер бар. Стандарттар боюнча, ар бир 10 кызга бир даараткана жана бир раковина туура келет», — деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчы институту мектептеги дары-дармектер толук эмес экенин жана айрымдары эскирип кеткенин да билдирген.

Окуучулар тамак-аштын сапатына даттанышкан. Мониторинг учурунда балдарга эт кошулбаган гречка жана күрүч берилгени маалым болду. Маалыматка ылайык, мамлекет ар бир балага күнүнө 90 сомдон бөлөт.

Ал эми 1972-жылы курулган «Улукман» жатак-мектеби бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Имараттын жылытуу системасы менен терезелери эскирип, жамгыр жааганда чатырынан суу өтүп турганы айтылды.

Мониторингдин жыйынтыгында облустук бийликке мыйзам бузууларды жоюу боюнча сунуштар жөнөтүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button