Коом
Оштогу жайыттарга да үрөн себиле баштады

Россиядан алып келинген көп жылдык чөптүн үрөнү Өзгөн районунун асылдуулугу төмөн жайыттарына себилүүдө.
Өлкөдө 9 млн. 371 миң гектар жайыт бар. Акыркы убактарда малдын туягы көбөйгөнүнө байланыштуу 1 млн. 800 миң гектар жайыт деградацияга учураган, анын ичинен 240 460 гектар жер өтө эле арыктап кеткен.
Быйыл Россиядан 100 тоннага чукул көп жылдык чөптүн алты түрүнүн үрөнү алып келинди. Анын 95 тоннасы жайыттарды калыбына келтирүү үчүн айыл өкмөттөр менен жайыт комитеттерине таратылган.



