Коом

ИИМ Росгвардиянын аскердик билим берүү уюмдарында аскер кызматкерлерин окутуу жөнүндө келишимге кол койду

2023-жылдын 27-сентябрь күнү ИИМде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал – майору Адылбек Бийбосунов менен Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын директорунун орун басары — статс-катчысы генерал-полковник Олег Плохой менен жолугушту. 

Адылбек Бийбосунов дүйнөдөгү бүгүнкү реалдуулук коомдун тез өзгөрүүсүнө жана демократиялашуусуна байланыштуу, укук коргоо органдарынын ишмердигине жаңы талаптарды алып келерин белгиледи.

“Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндө Росгвардиянын жогорку жөндөмүүлүгүн эске алуу менен жана жарандарыбыздын коопсуздугун жана мамлекеттердин бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда фундаменталдуу платформаны түзүү максатында Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин жогорку билим берүүчү аскердик уюмдарында Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин аскер кызматчыларын окутуу жөнүндө контрактка кол коюу биз үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилеп кетким келет”, — деди Адылбек Бийбосунов.

Тараптар ведомстволор аралык өнөктөштүк маселелерин талкуулашып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларын Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин жогорку билим берүүчү аскердик билим берүү уюмдарында окутуу жөнүндө келишимге кол коюшту, анын негизги максаты Россия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин жогорку билим берүүчү аскердик билим берүү уюмдарында акысыз негизде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларын Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квоталар боюнча кабыл алуу жана окутуу болуп саналат.

Өз кезегинде генерал-полковник Олег Плохой өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактары боюнча мындан аркы көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө конокторго ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button